АК-БАЙТАЛ АШУУСУ
АК-БАЙТАЛ АШУУСУ– Чыгыш Памирдеги эң бийик ашуулардын бири. Бийикт. 4655 м. Музкол ж‑а Сарыкол кырка тоолорунун ашташкан жеринде. А. а. Музкол суусунун башатын, Түш. Ак‑Байтал суусунун башатынан бөлүп турат. Ашуу аркылуу Ош – Хорог автомобиль жолу өтөт.