АЙЮБ ХАН МУХАММЕД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЮБ ХАН МУХАММЕД (14. 5. 1907, Харипур ш. – 19. 4. 1974, ошол эле жер) – Пакистандын Президенти жана Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы (1958–69). Алигарх мусулман университетин, Королдордун аскерий окуу жайын бүтүргөн. Айюб хан 1947‑ж. Чыгыш Пакистан (азыркы Бангладеш) Куралдуу Күчтөрүн түзгөн. 1951‑ж. Пакистан армиясынын башкы командачысы, 1954–56‑ж. Коргоо министри, ички иштер министри болуп иштеген. 1958‑ж. аскер төңкөрүшүнөн кийин аскер режиминин башында турган. Экинчи Пакистан конституциясын кабыл алууга аракет жасап, демокр. укуктарга чектөөлөрдү киргизген. 1969‑ж. саясий оппозициянын күчү менен отставкага кеткен.