АЙЫПТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫПТОО – тиешелүү мамл. органдардын мый­замда белгиленген чекте жазык укугу б‑ча күнөөлүү адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу. КРдин мыйзамдарына ылайык, А‑нун үч түрү бар: мамл., коомдук жана жекече А. Мамл. A‑ну сот кылмыш ишин карап жаткан учурда, мыйзамда каралган чекте прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат. Коомдук А. ошол кылмышка тиешелүү коомдук уюм тарабынан айыпталат. Жекече А. жабырлануучунун өзү же анын өкүлү тарабынан кылмыш кылган адам­ды кылмыш жоопкерчилигине тартуу б‑ча коюлат.
А. Арабаев.