АЙЫПТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:12, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– тиешелүү мамл. органдардын мый­замда белгиленген чекте жазык укугу б‑ча күнөөлүү адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу. КРдин мыйзамдарына ылайык, А‑нун үч түрү бар: мамл., коомдук ж‑а жекече А. Мамл. A‑ну сот кылмыш ишин карап жаткан учурда, мыйзамда каралган чекте прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат. Коомдук А. ошол кылмышка тиешелүү коомдук уюм тарабынан айыпталат. Жекече А. жабырлануучунун өзү же анын өкүлү тарабынан кылмыш кылган адам­ды кылмыш жоопкерчилигине тартуу б‑ча коюлат. 
А. Арабаев.