АЙЫЛЧИЕВ Асанбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:42, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛЧИЕВ Асанбек (21. 2. 1930, Чүй облусу, Сокулук району, Октябрь айылы – 10. 9. 2003, Бишкек) – педагог, физика‑математика илимдеринин кандидаты (1972), профессор (1991). КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). Кыр­гыз мамлекеттик университетинин физика‑математика факультетин бүтүргөн (1953). Ош педагогикалык институтунун математика кафедрасынын жана В. В. Маяковский атындагы Кыр­гыз кыз‑келиндер педагогикалык институнун математиканы окутуу методикасы кафедрасынын улук окутуу­чусу (1953‑1957), кафедра башчысы (1960‑1976), педагогикалык факультеттин деканы (1976‑97) болуп эмгектенген. 100дөн ашык илимий эмгектердин, окуу китептери­нин автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сый­ланган.