АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ – айыл чарба өндүрүшүнүн ар кыл тармагында электр энер­гиясын колдонуу. Электрлештирүү эмгек өн­дүрүмдүүлүгүн жогорулатууда чоң мааниге ээ. Электрлештирүүнүн натыйжалуулугу мал чар­бачылыгында кеңири байкалат, анткени анда машинелердин дээрлик көбү электр энергиясы менен иштейт. Электр энергиясы механизмдердин иштешин автоматташтырууга шарт түзүүдө. Мал чарба фермаларын суу менен камсыз кылууну электрлештирүү малдан алынуучу продуктулар­дын өсүшүнө шарт түзөт жана эмгектин сарпта­лышын 20%ке үнөмдөөгө алып келет. Электр энергиясы канаттуулар фермасында кеңири кол­донулат (жасалма жол менен балапан чыгаруу, жылытуу, жарык мөөнөтүн узартуу, ылаңдар­га каршы нурландыруу, тоюттандыруу жана башкалар).