АЙЫЛ ЧАРБАСЫН АДИСТЕШТИРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН АДИСТЕШТИРҮҮ – эмгек­тин коомдук бөлүнүшүнүн бир түрү. Ал өн­дүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуунун зарыл шарты болуп эсептелип, илимий-техникалык прогресс­ке, жердин күрдүүлүгүнө, тармактардын өз ара шайкеш, ийкемдүү болушуна, өндүргүч күч­төрдүн өнүгүшүнө жана тигил же бул аймактын табигый‑климаттык шарттарына байланыштуу. Адистештирүүнүн деңгээли жалпы өндүрүлгөн продукциянын ичинде басымдуулугу же негиз­ги товардык продукция, айдоо аянтынын структурасы ж. б. көрсөткүчтөр менен аныкта­лат. Адистештирүү аймактык, тармактык жана чарбалык болуп бөлүнөт. Аймактык адистеш­тирүү – айыл чарбасында коомдук эмгектин аймактар боюнча бөлүнүшү же бир аймакта айыл чарба продукцияла­рынын айрым түрлөрүнүн басымдуу өндүрүлүшү жана товардык продукцияда анын басымдуулу­гу. Тармактык адистештирүү – коомдук эмгек­тин тармактар боюнча, ар бир тармак ичинде да бөлүнүшү. Чарбалык адистештирүү – тигил же бул чарба жүргүзүүчү субъектте айыл чарба тармакта­рынын айрым түрүнүн басымдуу өнүгүшү.
А. С. Ажыбеков.