АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ – өлкөнүн аймактарындагы топурак, климат­тык шарт, айдоо аянтынын структурасы, ры­ноктун алыс‑жакындыгы, экономикалык жана социалдык инфраструктуранын өнүгүшү жана жайгашышы, калктын жыштыгы жана анын жайгашуу мүнөзү сыяктуу факторлорду эске алуу менен айыл чарба өндүрүшүнүн географиялык бөлүштүрүлүшү. Мында эм­гектин коомдук бөлүнүшүндө айрым аймактар­дын салымы аныкталат жана айыл чарба продукция­сынын тигил же бул түрүн өндүрүүгө адистеш­тирүүгө шарт түзүлөт. Мисалы, Нарын облусунда не­гизинен мал чарбасы, анын ичинде кой жана жылкы чар­балары жайгаштырылган. Айыл чарбасын ади­cmeшmupүү жана айыл чарба өндүрүшүн жайгаштыруу эмгектин коомдук бөлүнүшүнө өз ара байланыштуу жана бири-би­рин шарттап турат.

А.С. Ажыбеков.