АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА to АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ – мамлекеттик менчик жерлерден түзүлгөн, айыл чарбасына жарактуу жер тилкелери. Фонд­дун жерлери мамлекеттин менчигинде гана бо­лот. Фонддон пайдалануучуларга эреже ката­ры, жер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө гана бе­рилет. Фонддун жерлерин башкаруу жана тескөө мамлекеттик атайын орган менен макулдашуу боюнча айыл­дык, шаар кеңештердин аткаруу органдары та­рабынан жүргүзүлөт. Фонддун жерлери сатыл­байт, жер тилкелеринен КРдин жарандарынын менчигине берүү өзгөчө учурларда гана жергиликтүү ке­ңештердин сунушу боюнча Өкмөт бекиткен чечим­дин негизинде жүзөгө ашырылат.
Б. Рысмендеев.