АЙЫЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:56, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ – коомдук, социалДЫК, аймактык бирикменин түрү. Ал туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. Айылга бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү атала­рынын аты менен аталган. Анын жайыты, кыш­тоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп‑көчкөндө айыл­дагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук‑саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде жакын‑жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырыл­ган. Тынчтык мезгилде бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. Айылдын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн.

Файл:АЙЫЛ 19.png

Адегенде Айыл бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан, жогорку бийлик Айыл аксакалынын колунда бо­луп, Айыл ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк Айылга чоочун, башка уруктун мүчө­лөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Бара‑бара Aйылда өзгөрүүлөр күч алып, көчмөн шартта жа­ралган көп салттар бузула баштаган. Совет бий­лигинин мезгилинде Кыргызстандагы көчмөн Айылдар кыштактарга жанa колхоздорго биригип, 20‑кылымдын 40‑жылдарынын башында толугу менен отурук­ташкан. Учурда Айылдар туруктуу отурукташкан конушка айланып, расмий аймактык башкаруу бирдигин билдирет. Айылдарды башкарууну айыл өкмөттөрү ишке ашырат.

                                                                                                                                                                                 А. Көчкүнов.