АЙША

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(614- ж. чен, Меке – 13. 7. 678, Медина) – Мухаммед пайгамбардын кичи аялы, биринчи халиф Абу Бакрдин (Абу Бекр) кызы. Ал му­сулманчылыкты алгач кабыл алгандардын би­ри, пайгамбардын шериктеши болгон. Пайгам­бар м‑н өткөргөн 9 жыл ичинде андан абдан көп диний сабактарды алган. А. жамаатта көрү­нүктүү орунду ээлеп, халифтик бийлик үчүн бол­гон саясий күрөшкө активдүү катышат, халиф­тикке жеткен Алинин (Азирет Алинин) душ­мандары тарабына өтөт. А. 656‑ж. болгон «төө­чөндөр согушуна» өзү катышат. Согушта Али­нин жеңишине байланыштуу саясий күрөштөн четтеп калган. Мухаммед өлгөндөн кийин «му­сулмандардын энеси» деген атакка ээ болгон.

Б. Солтонбеков.