АЙТЫКЕ Козубек уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙТЫКЕ Козубек уулу - (болжол менен 1816-жыл, Жумгал өрөөнү, Суусамыр жайлоосу - 1887-жыл) - акын, кыргыздын улуу муундагы классик акындарынын бири. Замандаштары Балык, Музооке, Арстанбек, Солтобай, Эсенаман менен катар чыккан. Айтыкенин ырчылыгын Токтогул жогору баалаган. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Колжазмалар фондунда «Балык менен Айтыкенин айтышынын» бир нече варианты сакталып турат.