АЙТМАТОВ Төрөкул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙТМАТОВ Төрөкул (1903, Олуя‑Ата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара‑Буура р‑ну, Ше­кер айылы – 1938, Фрунзе) – саясий жана мамл. ишмер. 1917‑ж. орус‑жерг. мектебин, 1924‑ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик ун‑тин бүтүргөн. 1920–21‑ж. болуштук рев­комдун, Грозный кыш‑ндагы жарды‑жалчылар к‑тинин секретары, 1924–26‑ж. ВКП(б)нын Кыр­гыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмү­нүн башчысынын орун басары жана башчысы, 1926–29‑ж. Каракол‑Нарын округдук к‑тинин, Жалал‑Абад кантондук к‑тинин секретары, 1929–31‑ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай‑соода эл комиссары жана Эл чарбасынын борб. совети­нин төрагасы, 1931–33‑ж. партиянын Араван-­Буура райкомунун 1‑секретары, 1934–35‑ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 2‑секретары бо­луп иштеген. 1935–37‑ж. Москвадагы Кызыл профессура ин‑тунда окуган. Анын демилгеси менен 1926‑жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» парт.-саясий журналы чыга баштаган. А. 1927–28‑ж. респ‑нын түштүгүндө жер‑суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген.

Файл:АЙТМАТОВ 18.png

1937‑ж. 1‑декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол менен Совет бийлигин кулатууну жана Англиянын протекторатынын астында буржуа­зиялык‑улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кырг‑нда бети ачылып, жок кылынган контр­революциячыл‑улутчул «социал‑туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган жана 1938‑ж. 5‑ноябрда атылган. 1957‑ж. акталып, партия­луулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991‑ж. Чоң‑Таш айылындагы Ата‑Бейит көрүстөнүнө ариет – аза менен коюлган. Туулуп‑өскөн жери ­Шекер айылындагы мектепке А‑дун ысмы кою­луп, эстелиги орнотулган (1992).