АЙТМАМБЕТОВ Дүйшө

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:44, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙТМАМБЕТОВ Дүйшө [1921, Ысык‑Көл облусу, Тоң району, Күнчыгыш (азыркы Бөкөнбаев) айы­лы – 1985, Фрунзе] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1981), профессор (1983). 1951‑жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1951‑жылдан Кыргызстан КП БКнын аппаратында жооптуу кыз­матта, «Мугалимдер газетасынын» редактору, Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунда кенже, улук илимий кызматкер, Кыргыз педагогика илим‑изилдөө институтунда сектор башчы, 1981‑85‑жылдары КМУда Кыргызстандын тарыхы кафедрасында доцент, профессор болуп иштеген. Анын илимий эмгектери Кыргызстандын революцияга чейинки салттуу маданиятын изилдөөгө ар­налган. 130дан ашык илимий эмгектин автору.
Эмг.: Развитие культуры киргизского народа во второй половине 19 и начале 20 вв. Ф., 1967; Кыргыз ССРинин тарыхы. Ф., 1963, 1968.