АЙТКУЛОВА Айнек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:21, 18 Март (Жалган куран) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙТКУЛОВА Айнек (8.1.1919, азыркы Чүй облусу, Жайыл району, Сары‑Коо айылы – 27.2.2001, Биш­кек шаары) – тигүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1937‑жылы Фрунзедеги ВЛКСМ атындагы

Файл:АЙТКУЛОВА6.png

фабрикада тигүүчү болуп иш­төөдөн баштап, 1943‑жыл­дан Октябрдын 40 жылды­гы атындагы фабрикада мастер‑ти­гүүчү болуп уланткан. Анын агрегаты жети жылдык планды аткарып, пландан тышкары 100 миң сомдук мөөнөтүнөн мурда өндүрүм чыгарган. Кыргыз ССР Жо­горку Советинин 2‑3‑шай­ланышынын депутаты. Ле­нин, Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.