АЙРЫ КУЙРУКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:43, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙРЫ КУЙРУКТАР (Milvus) – жырткыч куш­тардын карчыгалар уруусу. Узундугу 70 смге чейин. Куйругу кыска, учунун ортосу оюк (аты ушун­дан); 2 түрү бар, алар Евразия, Африка жанa Ав­стралияда кездешет; Кыргызстанда тоолордо жана өрөөндөрдө таралган. Тарп жанa майда кеми­рүүчүлөр, куштар, кескелдириктер менен азыкта­нат. Жаратылышты тарптардан тазалоочу куш. Айры куйруктардын чоң топтору жазында жанa күзүндө учуп өтүшөт. Уясын токойлуу тоодогу бийик дарак­тарга же аскаларга салат. 2‑3 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат.