АЙНЕК ИШТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– имараттардын терезе, каал­галарын айнектөө. Курулушта терезе айнеги, арматуралуу, саймалуу, түстүү, чыңалган айнек ­тер жана айнек блоктору колдонулат. Бул иш айнекти керектүү өлчөмдө кесүү, аны терезеге, каалгага ж. б. жарык кирүүчү оюктардын ал­кактарына орнотуудан, бекитүүдөн, тазалоодон турат. Кадимки айнектин калыңд. 2, 3, 4, 5 жана 6 мм болот. Мында айнектен башка негиз ги материал катары олифте даярдалган бор жыл­чык шыбагы (замаскасы), минералдык майлар­да жасалган битумдуу жана темир же коргошун суригинде жасалган белила жылчык шыбагы пай даланылат.