АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР
АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР – айланма фонддордун жана жүгүртүү фонддорунун акчалай туюнтмасы. А. к‑га өндүрүш запастары, бүтө элек өндүрүш, даяр продукция, накта акча каражаты жана эсептеги каражат кирет. Кайталап өндүрүү процессинде А. к. бир эле учурда өндүрүш
чөйрөсүн жана жүгүртүүнү камтуучу өндүрүш фонддорунун түрдүү баскычтарында жана түрдүү формасында айланат. Калыптануу булактарына жараша А. к. өздүк жана насыя болуп бөлүнөт.