АЙКИДО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙКИДО (япончо – күчтү топтоо жолу) – чы­гыштын өзүн‑өзү коргоо боюнча жекеме‑жеке күрөшүү чеберчилигинин япониялык түрү. Айкидону япониялык мастер Морихей Уесиба самурай­лардын аскер искусствосунун негизинде спорттун бир түрү катары иштеп чыккан (1920‑1930‑жылдар). Айкидо жоокердик кесиптин чеберчилиги катары өзүнө кэндо, бодзюцу, джиу‑джицу сыяктуу бир нече стилдерди камтыйт. Мында каршылашы­нын аракетин өзүнө бурдуруу максатында ча­буулдап жана кайра кармоодон тез кетүү пайда­ланылат. Айкидонун ыкмаларынын жети жүз жыл-

Файл:АЙКИДО55.png

дык тарыхы бар, түпкү тамыры самурай доору­нан башталат. Айкидо ыкмалары ар тараптан ке­лишкен, адамдын денесин жана анын руханий жактан өсүшүн көздөйт. Айкидо бул табият менен адамдын тыгыз байланышын көрсөтүүчү система деп айтылат. Мында адам өзүнүн психикасынын те­реңиндеги касиеттерин даана көрсөтө ала турган таймашуунун жагдайлары топтолгон. Кыргызстандын Айкидо федерациясы 1995‑жылы Бишкекте түзүлүп, 1996‑жылдан Айкидонун Бүткүл дүйнөлүк борбору – Айкикай Хомбу Додзе (Токио, Япония) тарабынан таанылган. Кыргызстанда бүгүнкү күндө Айкидо башка чыгыш таймашууларынын ка­тарында өнүгүүдө.