АЙДАРБЕКОВ Курманкул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Курманкул [1916, Чүй обл., Кант (азыркы Ысык‑Ата) р‑ну, Жер‑Казар кыш. ­1974, ошол эле жерде] – механизатор, Соц. Эмг. Баатыры (1965).
Файл:АЙДАРБЕКОВ50.png

Эмгек жолун 1929‑ж. Кант
р‑нундагы «Алга» колхо­зунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. Улуу Ата Мекендик со­гуштун катышуучусу. 1944‑56‑ж. ошол эле кол­хоздун кой фермасынын башчысы, 1956‑63‑ж. кант кызылчасын өстүрүүчү ком­плекстүү механикалашты­рылган бригаданын звено башчысы, 1963‑жылдан
бригадир. Ал башкарган бригада кант кызыл часын өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1964‑ж. 280 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 454 цден, 1965‑ж. 310 га жердин ар гектарынан 518 цден түшүм жыйнап алган. 1967­75‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депута ты. Ленин ордени м‑н сыйланган.