АЙГЫР ЖАЛ өсүмдүгү

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:53, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЙГЫР ЖАЛ (Leucopoa) – дан өсүмдүктөр ту­кумундагы көп жылдык ири, нык түптүү өсүмдүк. Толук эки үйлүү эмес, биринде аталык­тары, экинчисинде энеликтери ж‑а мөмөлүгү толук өрчүп жетилбеген. Сабагы 2 мге чейин. Жалбырактары узун, тасмадай. Кыргызстандын бийик тоо кыркаларынын шагыл‑таштуу жерлерин­де 2 түрү кездешет. Топ гүлү – татаал машак. Чөбү ката электе жылкыга жакшы тоют. Жал бырактары түшпөйт, кышында кой‑эчки, жылкы оттойт, бирок анын түбүндө ала курттун жумурткалары кышташы мүмкүн. Ошондук­тан андай кыштоолордо койлорду кармоого болбойт. О. Азияда, Ы. Чыгышта өстүрүлөт. Кыргызстандын түштүгүндө эгилет.

Э. Б. Капарова.