АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–5‑к‑ында Теңир‑Тоо аймагында жашаган көчмөн уруулар­га таандык археол. эстелик. Нарын ш‑нын батыш тарабында (7 км) жайгашкан. Бийикт. 0,3— 0,8 м, диаметри 12 м чейин келген 100гө жакын дөбө‑мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү менен казанактуу жана жар­ма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюлган. Көрүстөндөн карала, жыгач идиштер, бы­чак, жебенин учу ж. б. табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр‑токумдуу аты менен кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен. 1954‑ж. А. К. Кибиров тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
К. Табалдиев.