АЙВАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:16, 17 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙВАН (персче эйван бастырма, иван зал, ак сарай) – 1) Орто Азияда турак жайлардын, мечиттердин жана башка имараттардын алдына улай же өзүнчө курулган чатыры жайык, түркүктөр менен тирелген бастырма; 2) короонун ичиндеги бир, эки же үч тарабы ачык, кенен имарат‑зал (Парфия менен Сасаниддик Ирандын ак сарайларында, орто кылымдагы Орто Азия, Иран, Афганистан жана башка өлкөлөрдө мечиттер менен ак сарайларда адамдарды кабыл алуучу жай).

Файл:АЙВАН46.png
Айваны бар турак үйлөр.

Кыргызстандын ай­магында (көбүнчө түштүгүндө) айваны бар көп турак үйлөр, мечиттер салынган (мисалы, Сулайман тоосунун этегиндеги мечит). Имараттын ортоң­ку чатыры купол түрүндө жабылып, капталын­дагылары кышкы имаратка ылайыкташтырыл­ган. Мындай мечиттер Орто Азиянын Самарканд, Бухара жана башка шаарларында да кезигет.

Д. Өмүралиев.