АЙБЕК кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЙБЕК – Ош обл‑нун Ноокат р‑ндагы кыштак. Т. Зулпуев атн. айыл аймагына караштуу.
Райондун борбору Ноокат ш‑нан 7 км чыгыш тарапта, Ош темир жол бекетинен 43 км. Деңиз деңг. 1400 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1716 (2009); негизинен дыйканчылыкта ж‑а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп бар.