АЙБЕК, Муса Ташмухамедов

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБЕК, М у с а Т а ш м у х а м е д о в (ылакап аты; чыныгысы Муса Ташмухамедов. 28. 12. 1904, Ташкент – 1. 7. 1968,ошол эле жерде) өзбек акыны жана жазуучу, Өзбек эл жазуучусу (1965).

Файл:АЙБЕК44.png

Өзбек ССР ИАнын академиги (1943). 1930‑ж. Орто Азия университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Анын туңгуч ырлар жыйнагы 1926‑ж. чыккан. А. – «Фа-
кел» ырлар жыйнагынын (1932), «Өч» (1932), «Жура уста» (1933), «Хамза»), (1948), «Зафар жана Захра» (1951), «Акыйкатчылдар» (1954) поэмаларынын, «Ыйык кан» (1943), «Навои» (1945), «Алтын өрөөн шамалы» (1950), «Күн өчпөйт» (1958), «Улуу жол» (1967) романдарынын, «Жарык издеп» (1956), «Бала чак» повесттеринин автору. «Навои» аттуу романы үчүн 1946‑ж. СССР мамлекеттик сыйлыгы, «Бала чак» повести үчүн 1962‑ж. Өзбек ССРинин Хамза атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Айбектин чыгармалары чет элдик бир катар тилдерге, ошондой эле кыргыз тилине да которулган. А. өзбек окурмандарын орус жана дүйнөлүк адабияттын классикалык чыгармалары менен тааныштырган. СССР Жогорку Советинин 2 жолку чакырылышынын депутаты. Эки Ленин ордени менен сыйланган.