АЙБАШЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 12 Июль (Теке) 2023 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБАШЕВА Канымкүл (1901‑1940) – актриса, кыргыз театр искусствосунун эң алгачкы өкүлдөрүнөн, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Анын чыгармачылык иши театр студиясынын ачылышы (1926) менен байланыштуу. Театрда белгилүү ролдору: Бүбүкан (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей», 1927), Күлсүн (К.Жантөшев, «Карачач», 1929), Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Текшерүүчү», 1929), Эшимдин аялы (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов», 1936), Токтордун байбичеси (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз», 1937) жана башка. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.