АЙБАЛТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:33, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБАЛТА – жоокерчилик куралы. Байыркы темир доорунан эле көп элдер, анын ичинде кыргыздар да урунуп келген. Көрүнүшү жарты ай сымал келип, темирден ар түрдүү өлчөмдө жасалган.

Файл:АЙБАЛТА42.png

Айбалта ар бир жоокердин тулкусуна чактап, урушта колдонууда эптүү кылып даярдалган. Са­бын ыргай, четин, кайың жана башка катуу жыгачтан жасашып, колго токтомдуу болуш үчүн аны быдырлантып, урушта колдон чыгып кетпес үчүн саптын учуна кайыштан бүлдүргү тагыл­ган. Душманды ууландырып өлтүрүү максатында Айбалтанын мизин кээде ууга сугарышкан. Айбалта ат үстүндө да, жөө калганда да урушууга эң ыңгай­луу согуштук куралдардын катарына кирет.