АЙ-TAЛAA МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙ-ТАЛАА МӨҢГҮСҮ, Н а л и в к и н м ө ң­ г ү с ү – Какшаал кырка тоосунун түндүк капта­лындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал дарыясынын сол куймасы – Чоң Үзөңгү‑Кууштун төрүнөн орун алган. Узундугу 7,0 км, аянты 6,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5160 м, этеги 4200 м бийик­тикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4600 м. Абляциясынын аянты 2,6 км2. Мөңгүдөн Ай-Талаанын (Чоң Үзөңгү‑Кууштун башы) бир салаасы башталат.