АЗУРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:35, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЗУРИТ (фр. azurite – көгүлтүр) – карбонат­тар классындагы минерал. Хим. формуласы Си3[С03]2(0Н)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Катуу­лугу Моос шкаласы б‑ча 3,5–4, тыгыздыгы 3773 кг/м3. С. салм. 3,77, өңү кочкул көк, айнек сымал жалтырак. Табиятта халькопирит, борнит ж. б. минералдардын кычкылдануусунан пайда болот. А. – курамында 55,3% жез кез­дешкендиктен жездин баалуу кенташы. Көк боёк жасоого да пайдала­нылат.
Файл:АЗУРИТ40.png