АЗОСПЕРМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЗОСПЕРМИЯ (а... ж‑а гр. zoon – тирүү жан­дык, sperma – эркек уругу) – эркектин жыныс суюктугунда урук клеткасынын (сперматозоид­дердин) жоктугу. А. жыныс бездери, урук түтүктөрү начар өөрчүгөндө же түрдүү ооруга (котон жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу ж. б.) чалдык­канда пайда болот. Жыныс суюктугун микроскоп м‑н изилдеп текшергенде аныкталып, оорунун себептерине жараша дарылоо жүр­гүзүлөт. А. эркектин тукумсуздугунун себебинин бири.