АЗОР АНТИЦИКЛОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:44, 17 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗОР АНТИЦИКЛОНУ – Атлантика океаны­нын түндүк бөлүгүндөгү субтропик жана тропик ал­кактарында пайда болгон атмосфералык жогорку басымдуу аймак. Жыл бою аракетте болот; ай­рыкча жайында даана байкалат. Азор антициклону Евразия­нын, айрыкча Түштүк Европанын жана Түндүк Афри­канын климатына өзгөчө таасир этет (жайында Жер Ортолук деңизин, кышында Сахара чөлүн көздөй багытталат).