АЗОНАЛУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:43, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗОНАЛУУЛУК (а... ж‑a гр. zone – алкак, зона) ­белгилүү бир аймакта зоналуулук закон чене­минен тышкары өзгөчө бир табигый кубулуш­тун таралышы. Адатта А. рельефтин геол. түзүлүшүнө, тектон. режимине, морфострукту­расына ж. б. эндогендик факторлоруна байланыштуу. А. климаттын, суу режиминин, кыр­тыштын жана орг. дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. А. тоолордо даана байкалат.