АЗОБИРИКМЕЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗОБИРИКМЕЛЕР – молекуласында "азо"- ­N=N- тобу ар түрдүү же окшош радикал менен байланышкан органикалык бирикмелер. Жалпы форму­ласы: RN=NR’. Эки радикалы тең ароматтык же алифаттык, бири ароматтык, экинчиси али­фаттык же гетероциклдүү болот. Экөө тең ароматтык радикалдардан турган Азобирикмелер кеңири таралган. Алар диазобирикмелерге ароматтык амин же оксибирикмелерди кошуудан, негиздик чөйрөдө нитробирикмелерди металлдар, ошондой эле биринчилик аминдерди гипохлорит же перманганат менен калыбына келтирүүдөн алынат. Ароматтык Азобирикмелер түстүү, катуу заттар. Алардын түсү изотобунун хромофордук касиетине, радикалдар­дын түрүнө жана орун алмашуу мүнөзүнө, алардын санына байланыштуу. Булар маанилүү азо боёкторду синтездөөдө колдонулат.