АЗИМОВ Пигам
АЗИМОВ Пигам Азимович (1. 1. 1915, Түркмөнстан – 1994, Түркмөнстан) – түркмөн тилчиси, лингвист, Түркмөн ИАнын академиги (1951). 1966‑ж. чейин Түркмөн ИАнын Президенти. П. Азимовдун негизги эмгектери түркмөн тилинин грамматикасы, лексикасы жана сөз жасалуусуна арналган. Жогорку окуу жайлар менен мектептер үчүн бир нече окуу китептердин да автору. «Түркмөн дили» (1950) деген белгилүү эмгеги бар. Ленин ордени менен сыйланган.