АЗАДЕГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗАДЕГАН – нефтинин дүйнөдөгү ири кенде­ринин бири. Ирандын түштүк-батышында, Хузес­тан провинциясындагы Ахваз шаарына жакын жайгашкан. Перс булуңу нефть‑газ бассейнине кирет. 1999‑жылы ачылган, азырынча (2005) иште­тилбейт. Нефть‑газдуу аймак 520 км2 аянтты ээлейт. Алгачкы геологиялык запасы 3,6 млрд т. Кен антиклиналдык түзүлүштө топтолуп, пайдалуу горизонттор палеоген мезгилинин аягында пайда болгон олигоцен‑миоцендин акиташ текте­ринин арасында жатат. Нефтинин тыгыздыгы 860 кг/м3.