АЖЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:31, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫмусулманчылык парзын аткарып, Ме­кеге ажылыкка барган адамдын ардактуу наа­мы. Бул парзды аткаруу үчүн зу‑л‑хиждин 7-13үндө (хижра ай календарынын 12‑айы) Ме­кеге зыярат кылууга келишет. Шарият боюнча барууга мүмкүнчүлүгү жок айрым адамдар жакын адамын өзүнүн ордуна жиберсе болот. Зыяратчы Мекеде атайын ырым‑жырымдарды аткарып, курмандыкка мал союуга милдеттүү. Ажылык парзын аткарып келген адамдарды ур­мат менен Ажы деп аташат. Алар жашыл селде чалып жүрүүгө укук алышат (кара: Айт).