АЖАЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖАЛ ӨРӨӨНҮ (Death Valley) – Чоң бассейн­дин түш. бөлүгүндө жайгашкан тоо аралык ой­дуң. Мохаве чөлүндө (АКШ). Уз. 250 кмдей. Түндүк Американын эң чуңкур (деңиз деңг. 86 м төмөн жайгашкан) жери, суусуз ойдуң. Батыш жарым шардагы эң ысык жер; анда абанын темп‑расы 56,7°Сге чейин ысыйт. 1849‑ж. алтын издөөчүлөр тобу суудан өксүп каза табышынан улам ушундайча аталган.