АДЫРГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – өрмөк согууда колдонулуучу аспап. Уз. 40–50 см, жазылыгы 15–18 см, калыңдыгы 3–6 см, баш‑аягы бирдей, эки кыры жукарты­ла жумурланган жалпак тактай. Эки четинин ортосунда сабоонун ичке жагы өтүп, жоон башы
Файл:АДЫРГЫ3.png

такалып калгандай эки көзөнөгү болот. Күзүк­түн жардамы м‑н А. аркылуу өрмөктөгү эриш жиптердин астыңкы жарымын үстүнө, үстүңкү жарымын астына өткөрүп, ар бир өтүшүндө ар какты эриштердин арасына кысып калтырып турат. Кубаттуу, өндүрүмдүү өрмөк станоктору чыкканы кыргыздын кол өрмөгү пайдаланыл­бай, учурда А. өтө сейрек кездешет.