АДЫР термин

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЫР – Кыргызстанда жанa чектеш өлкөлөрдө тоо этектерин ээлеген дөңсөөлөр. Ага тоо этектерин­де же аларга жакын аймактарда таралган дөң­сөөлүү, капталдары кокту‑колоттуу, жанаша жаткан түздүктөрдөн 100–400 м көтөрүңкү, үс­түнкү бети лёсс же төртүнчүлүк мезгилдин тал­каланган борпоң тектеринен түзүлгөн аймактар кирет. Адырларга негизинен чөл, жарым чөл жана талаа ландшафттары мүнөздүү. Жазында эфемер өсүмдүктөрү гүлдөп, көк шиберге айланса, жайында алар «күйүп» кетип, боз талаага, чөлгө айланат. Адырлар Кыргызстандын аймагында, айрык­ча Фергана өрөөнүнүн тоо этектерине жана Ички Теңир‑Тоонун өрөөндөрүндө кеңири таралган. Ага байланыштуу энчилүү аттар да арбын: Адыр­-Төр, Отуз‑Адыр, Доңуз‑Адыр ж. б.