АДСТРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:07, 28 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДСТРАТ (лат. ad – жанында жанa stratum ­катмар, кабат) – ар түрдүү элдердин узак мезгил аралаш же жанаша жашагандыгынын на­тыйжасында ар башка тилдердин (эки элдин тили) бири бирине таасир тийгизишинин тилдик системадагы жыйындысы. Адстрат субстрат жана суперстрат терминдеринен айырмаланып, тилдердин өз ара таасиринин бейтарап тиби болуп саналат. Ал этникалык жактан эки эл ассими­ляцияланбайт, бир тил экинчи тилге аралашып, сиңип жок болуп кетпейт дегенди туюндурат. Адстрат кубулушу өз алдынча эки тилдин ортосунда­гы катмарды түзөт да, аралаш билингвизмди туюндуруу үчүн да колдонулат.