АДСТРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:58, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДСТРАТ (лат. ad – жанында ж‑a stratum ­катмар, кабат) – ар түрдүү элдердин узак мезгил аралаш же жанаша жашагандыгынын на­тыйжасында ар башка тилдердин (эки элдин тили) бири бирине таасир тийгизишинин тилдик системадагы жыйындысы. Адстрат субстрат жана суперстрат терминдеринен айырмаланып, тилдердин өз ара таасиринин бейтарап тиби болуп саналат. Ал этникалык жактан эки эл ассими­ляцияланбайт, бир тил экинчи тилге аралашып, сиңип жок болуп кетпейт дегенди туюндурат. Адстрат кубулушу өз алдынча эки тилдин ортосунда­гы катмарды түзөт да, аралаш билингвизмди туюндуруу үчүн да колдонулат.