АДРОНДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:29, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДРОНДОР (гр. h a d г о s – чоң, күчтүү) – ядро­лук өз ара аракеттенишүүгө катышуучу эле­ментардык бөлукчөлөрдун тобу. Бул термин 1967‑жылы Л. Б. Окун тарабынан киргизилген. Адрондорго бардык бариондор (нуклондор – протон, нейтрон) жана мезондор кирет. Эркин абалда бардык Адрондор (протондон башкасы) туруксуз, жашоо убактысы өтө кыска.