АДРИЯ ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АДРИЯ – Жер Ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин ж‑а Балкан ж. а‑нын аралы­гында. Италия, Словения, Хорватия, Босния ж‑а Герцеговина, Черногория, Албаниянын жээктерин чулгайт. Түштүгүндө Отранто кысы­гы аркылуу Иония деңизи м‑н туташат. Аянты 144 миң км2. Эң терең жери 1230 м. Чыгыш жээгине жакын Далмация аралдары жайгашкан. Батыш жээги негизинен ойдуңдуу, чыгыш жээги тоолуу. Ири булуңдары: Венеция, Триест. Суунун темп‑расы августта 24°Сден 26°Сге, февралда 7°Сден 13°Сге чейин. Туздуу­лугу 35тен 38%оге чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийикт. 1,2 м). Балык (сардина, скумбрия) кармалат. Шельфтеринен нефть ж‑а газ алынат. Башкы порттору: Триест, Венеция (Италия), Риека, Сплит, Дубровкин, Котор (Черногория), Дуррес, Влера (Албания).