АДОНИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДОНИС – туурасы 1 кмдей кичине планета. 1936‑жылы бельгия астроному Э. Дельпорт ачкан. Күндүн айланасында абдан созулган эллипс ор­битасы боюнча айланат. Күндөн аралыгы п е р и­ г е л и й д е 0,44 а. б., а п о г е й д е 3,50 а. б. Анын орбитасы Жердин Күндү айлануу орбита­сына жакын жайгашкан. Айлануу мезгили 2,76 жыл. Жерге 2 млн кмге чейин жакындайт.