АДОБЕ АКРОБАТ СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДОБЕ АКРОБАТ СИСТЕМАСЫ (ADOBE ACROBAT) – бир нече иштетүү чөйрөсү менен бир­диктүү документтерди даярдоо жанa таратуу сис­темасы. Adobe Systems басмаканасы тарабынан иштелип чыккан. Адобе акробат системасы аркылуу PDF (Portable Document Format) калыбындагы файлдарды түзүүгө болот. Мындай файлдарды анын про­граммаларын иштете алган каалагандай ком­пьютердик системаларда окууга болот. Бул про­грамманын калыбын Windows, Macintosh жанa Unix сыяктуу кеңири белгилүү иштетүү систе­малары колдойт.