АДМИРАЛТЕЙСТВО АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДМИРАЛТЕЙСТВО АРАЛДАРЫ – Тынч океандагы аралдар тобу. Жанар тоодон жанa шуру (коралл) аралдарынан турат; Бисмарк архипелагында. Арал Папуа‑Жаңы Гвинея мамлекети­нин аймагы. Аянты 2072 км2, эң чоң аралы ­Манус (1600 км2). Калкы 40 миңдей. Бийиктиги 718 мге чейин (Манус аралында). Айрым аралдары токой менен капталган. Кокос, пальма плантация­лары бар. Балык кармалат. Башкы шаары – Ло­ренгау. Аралда европалыктардан алгачкы жолу 1527–29‑ж. испан деңиз саякатчысы А. Сааведра болгон.