АДМИНИСТРАТОР, СИСТЕМ АДМИНИСТРАТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:43, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДМИНИСТРАТОР, СИСТЕМ АДМИНИСТРАТОРУ (Administrator-Администратор). 1. Windows XP Professional да домен текшергичтери менен жергиликтүү компьютерлерди ишке салган жана башкарган, колдонуучу жана топтордун эсептөөчү жазылыштарын жүргүзгөн, паролдорду (жашыруунсөз) текшерип иштөөгө уруксат берген, ошондой эле колдонуучуларга тармак менен иштөөгө жардам берген колдонуучу. Администраторлор бирдей аталыштагы топтун мүчөсү болуу менен доменге же компьютерге жетүүгө толук укуктуу. Windows XP Home Edition колдонуучусу систем деңгелинде компьютерге өзгөртүү киргизүүгө, програмдык жабдыктарды орнотууга укуктуу, ошону менен катар компьютердеги бардык файлдарга жете алат. Администратор колдонуучулардын эсептөө жазылыштарына жетүүгө толук укуктуу. 2. Берилиштер базасынын администраторун кара.


Файл:АДМИНИСТРАТОР, СИСТЕМ АДМИНИСТРАТОРУ.jpg