АДИСТИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДИСТИК – даярдоо процессинде алган жана кесиптик квалификациясынын белгилүү деңгээлин камсыз кылган билимдердин, көндүмдөрдүн жыйындысы; жумушчунун (кызматкердин) өз кесибинин чегинде чеберчилигинин конкреттүү багыты. Ал ээлеген кызматтан айырмаланып, белгилүү бир билим жана эмгек жөндөмдүүлүгүнүн түпкү тегин чагылдырат. Адистик атайын кесиптик билимден, даярдыктан же иш тажрыйбадан улам калыптанат. Ал өзүнө жумушчунун (кызматкердин) эмгек ишмердүүлүгүн толук камты­са, кесип түшүнүгүнө дал келет.