АДИПИН КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДИПИН КИСЛОТАСЫ НООС(СН2)4‑СООН – эки негиздүү органикалык кислота. Түссүз кристалл, мол. м. 146,14, балкып эрүү 1149‑150°С, кайноо t 216 – 265°С, жеңил бууланат. 100 г сууда ээрийт, этил спиртинде жана эфирде аз өлчөмдө ээрийт. Ал циклогексанолду азот кислотасы же катализатор катары марганец туздарынын катышуусунда абадагы кычкылтек менен окистендирүүдөн алынат. Нейлон буласын алууда, полиуретандарды синтездөөдө, алкоголсуз ичимдиктерди даярдоодо кычкыл даам берүүчү кошулма катары колдонулат.