АДИПИН КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АДИПИН КИСЛОТАСЫ НООС(СН2)4‑СООН –эки негиздүү орг. к‑та. Түссүз кристалл, мол. м. 146,14, балкып эрүү 1149‑150°С, кайноо t 216 – 265°С, жеңил бууланат. 100 г сууда эрийт, этил спиртинде ж‑а эфирде аз өлчөмдө эрийт. Ал циклогексанолду азот к‑тасы же катализатор катары марганец туздарынын катышуусунда абадагы кычкылтек м‑н окистендирүүдөн алынат. Нейлон буласын алууда, полиуретандарды синтездөөдө, алкоголсуз ичимдиктерди даярдоодо кычкыл даам берүүчү кошулма катары колдонулат.